Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:55

УЛУТТАР УЮМУ ИРАККА ЖАКЫН АРАДА КАЙТПАЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага Шаршемби күнү Улуттар Уюмунун баш катчысы Кофи Аннан Иракка гумжардам берүү планын жарыялады. Анда катчы Ирактагы ахвал өтө кооптуу болуп жатканын жана уюмдун Иракты кайра куруудагы саясий ролу алигиче даана аныкталбаганын белгилеп, өлкөдөгү коопсуздук олуттуу жакшырмайынча, уюмдун кызматкерлери Иракка кайтпай турганын билдирет.

26 бетке жазылган баяндамада Улуттар Уюмунун баш катчысы АКШ баштаган коалициялык администрациянын учурунда Иракта адам укуктары жана сөз эркиндиги, калкты тейлөө жана чарбаны калыбына келтирүү тармактарында жетишилген жылыштар жөнүндө маалымдалып, мындай оң жылыштарга карабастан Ирактагы ахвал өтө коркунучтуу болуп кала берип жаткандыгын баса көрсөттү. Катчы ахвал өтө коркунучтуу болгондуктан, уюм Ирактагы миссиясын жакын арада кайра ачууга ниети жок экенин билдирди. Улуттар Уюмунун Иракты кайра куруудагы саясий ролу алигиче так аныкталбагандыктан, уюмдун иши ушул күнгө чейин гуманитардык операциялар менен чектелип келет.

- Өзүнүн Ирактагы аткара турган вазыйпасы так аныкталбаган, Ирактагы ахвал өтө опурталдуу болуп турган жагдайда БУУ кызматкерлеринин өмүрүн текке тобокелге салгысы келбейт, - деп билдирди Аннан.

Баш катчынын саясий маселелер боюнча орун басары Кииран Прендергаст Аннандын бул билдирүүсүнө мындай комментарий берет:

- Арийне, өтө маанилүү иш үчүн адамдардын өмүрүн тобокелге салуунун чен өлчөмү башкачараак болмок беле...Бирок өлкөдөгү ахвал азыр өтө коркунучтуу болуп тургандыктан, анда аткара турган ишибиз канчалык маанилүү болбосун, биз кызматкерлерибиздин өмүрүн тобокелге сала албайбыз. Ошон үчүн баш катчы баяндамасында келерки айлардын ичинде коопсуздук жагдайы Иракта олуттуу жакшыртылууга тийиш экенин баса белгиледи.

Баш катчынын маалымдашынча, Улуттар Уюму Иракка көмөк көрсөтүүнү ага жакын жайгашкан Кипрден улантмакчы. 40 кызматкерден турган топко Уюмдун гуманитардык маселелер боюнча эксперти Росс Моунтен убактылуу жетекчилик кылат. Ахвал менен жеринде таанышып туруу үчүн уюмдун эксперттери Иракка маал-маалы менен каттап туурмакчы. Гуманитардык операциялардын өтөлүнө чыгуу үчүн уюмга кызмат кылган 900 ирактык жардамчынын жоопкерчилик чөйрөсү кеңейтилет.

Россия, Германия жана Франция өңдүү бир катар өлкөлөр уюмдун Ирактагы ролун жогорулатууну талап кылышууда. Андай чакырыктарга "жок" деп кесе жооп бербегени менен АКШ жетекчилиги уюмга гуманитардык жардамчынын, өлкөнүн согуштан кыйраган чарбасын калыбына келтирүү жана айрым саясий маселелердеги кеңешчинин ролдорун гана ыраа көрүп келатат.

Уюмдун терең нааразычылыгын басып, анын Ирактагы миссиясын кайра жандантуу айласын караштырып жаткан расмий Вашингтон азыр уюмду эпке келтирүүгө аракеттенүүдө. Аннандын баяндамасы таркатылган шаршемби күнү мамдепартаменттин өкүлү Ричард Баучер АКШ Улуттар Уюмунун Иракта бар алы менен иштөөсүнө кызыкдар экенин, ошон үчүн Улуттар Уюмунун Ирактагы кызматкерлеринин коопсуздугун камсыз кылуу маселесин Вашингтон Аннан менен өзүнчө талкуулаганга даяр экенин билдирип, мындай деди:

- Биздин максат - Улуттар Уюму менен кызматташып, аны колдоо. Биз баш катчы менен анын кызматкерлеринин Ирак элине колунан келген жардамын берүүсүн кубаттайбыз.

Аннандын шаршемби күнкү билдирүүсү Коопсуздук Кеңешинин 16-декабрге белгиленген жыйынында талкууланат. Баш катчынын орун басары Прендергаст алдыда боло турган жыйындын максаты Коопсуздук Кеңеши менен Ирактын Башкаруучу Кеңешинин биримдигин бекемдөө экенин айтат. Уюм, ошондой эле, Ирактагы саясий процесстерге ирактыктар көбүрөөк тартылып, Ирактын Башкаруучу Кеңешинин ролунун жогорулатылуусун талап кылмакчы.

Документте, ошондой эле, Улуттар Уюмунун шайлоону уюштуруу, конституцияны иштеп чыгуу, укук коргоо уюмдарын түзүү жана туруктуу гуманитардык жардам берүүнү уюштуруу тармактарында топтогон көп жылдык тажрыйбасы кеңири чагылдырылган. Бирок уюмдун айрым эксперттери Америка баш болгон оккупация бүтүп, бийлик толугу менен Ирактын убактылуу өкмөтүнө өткөрүлүп берилмейин, Улуттар Уюмунун Иракта жетекчи ролго ээ болуусу күмөн дешет. Андай бийлик алмашуу болсо Иракта келээрки жылдын орто ченинде гана күтүлөт. Америкалык эксперт Уильям Лүрстүн пикиринде:
Иракта эгемен өкмөт түзүлмөйүн, Улуттар Уюму өлкөдө олуттуу ролго ээ боло албайт.

XS
SM
MD
LG