Жекшемби күнү Кабул шаарында ооган элинин Лойа Жыргасы башталат. Ал мурда шаршембиге белгиленген, бирок шайланган 500 делегаттын элүүдөйү борбор калаага убагында жете албагандыктан, алгач ишембиге чейин калтырылган. Жыйында өлкөнүн жаңы конституциясы кабыл алынууга тийиш.