БИШКЕК. Бүгүн Адам укугун коргоочуларды коргоо боюнча обсерватория, Эл аралык адам укугун коргоо боюнча Хельсинки федерациясы жана Кыйноолорго каршы дүйнөлүк уюм биргелешип президент Аскар Акаевге, өкмөт башчысы Николай Танаевге жана Юстиция министри Курманбек Осмоновго кайрылуу жолдошту. Анда Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин Болот Тыналиев баштаган мурдагы мүчөлөрү өздөрүнчө жыйын өткөрүшүп, комитет төрагасы Рамазан Дырылдаевдин ордун ээлеп алгандыгы жана мындай уюмду Юстиция министрлиги 28-ноябрда катоодон өткөргөнү айтылат. Кайрылуу ээлери кыргыз бийлигинен Болот Тыналиев жетектеген комитетти кайра мыйзамсыз уюм деп таап, аны каттоо жөнүндөгү Юстиция министрлигинин чечимин жокко чыгарууну жана Рамазан Дырылдаевди куугунтуктоону токтотууну өтүнгөн.
Юстиция министрлиги Болот Тыналиев жетектеген комитетти быйыл 28-ноябрда каттаган.
Юстиция министрлиги Болот Тыналиев жетектеген комитетти быйыл 28-ноябрда каттаган.