АКШнын мамлекеттик катчысынын орун басары Марк Россман менен коргоо министринин орун басары Дуглас Фейт Батыш жана Чыгыш Европа мамлекеттеринде жайгашкан американын аскер күчтөрүнүн базаларын которуштуруу тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө. Дуглас Фейттин айтымында, Вашингтон Европадагы аскер күчтөрүн орун которуштуруу же майда бөлүктөргө бөлүп жайгаштыруу, ийкемдүү, тез аракеттеги аскерий базаларды түзүү планын ишке ашырууну көздөйт.
Мурдакы “Кансыз согуш” доору жок болгондон кийин Америка көлөмдүү аскердик базаны Европада кармоонун зарылчылыгы жок деген пикирде. АКШнын НАТОнун аскерлерин Чыгыш Европа чөлкөмүнө жайгаштыруу саясаты келээрки жылы май айында чыгыштагы жети мамлекеттин Европа биримдигине мүчө болуп өтүүсүнө байланыштуу. Румыния менен Болгария Американын чакан аскер базаларын Ирак согушу аяктаганча өз аймактарына жайгаштырууга макулдугун берди, дейт коргоо министринин орун басары Дуглас Фейт.
Лондондогу Европа реформасы борборунун аналитиги Даниэл Кохандын айтымында:
- Калыбы, буга АКШ абдан жоопкерчиликтүү киришип калды көрүнөт. Ошондуктан бул маселени ал тез аранын ичинде чечүүнү көздөйт. Европада Американын аскердик базаларынын түзүлүшүн жыл ичинде өзгөртүү тууралуу Буштун администрациясы бир жылдан бери талкуу кылып келе жатат, - дейт Кохан.
Учурда Германияда АКШнын 77 миңге жакын аскер кызматкерлери бар. Мындай көлөмдүү базаны Германияда кармап туруу Вашингтонго эбегейсиз зор чыгым алып келсе, немис өкмөтү үчүн кыйла экономикалык кирешелерди берет. Америкалык аскер күчтөрүн Чыгыш Европага жайгаштыруу менен НАТО Балканда, Жакынкы Чыгышта жана Борбордук Азияда террорчулукка каршы күрөшүү жаатында стратегиялык жактан зор мүмкүнчүлүккө жетүүнү да көздөйт.
“Болгария, Польша, Румыниянын бийлик өкүлдөрү өлкө аймагында америкалык аскер күчтөрүн жайгаштыруу саясий стабилдүүлүк жана экономикалык пайда алып келет деген үмүттө,” – дейт аналитик Коохан.
Ал эми тышкы саясат боюнча орусиялык аналитик Федор Лукянов АКШнын аскер күчтөрүн Чыгыш Европага жайгаштыруу Орусияны санааркатат, бул чочулоо – орусиялыктардын менталитетине байланыштуу дейт. Анын баамында:
- Саясий жактан алганда НАТО менен АКШ пост-советтик аймактарга аскер жайгаштырууну символикалык кадам катарында кароодо. Бул аймактарды алар өз кызыкчылыктарын жүзөгө ашыруу үчүн ылайык мейкиндик катары билишет. Ал эми Орусия бул аймактарды өзүнүн кызыкчылыктарына тийешелүү болгон салттык мейкиндик катары санап келет. Менин оюмча, Орусия бул жаңы кадамды АКШнын терроризмге каршы күрөшү үчүн зарыл чарасы катарында эмес, тек гана пост-советтик аймакта өзүнүн артыкчылыгын бекемдөө үчүн база куруу аракети катарында баалайт, - дейт Лукянов
Европадагы болочокку аскерий базаларды которуштурууларга Орусиянын каршы болгонуна карабай, АКШ өз саясатын жүргүзө бериши мүмкүн. Орусиянын кандайдыр бир сунушун Вашингтон кабыл алууга даярбы, аны болочок өзү көрсөтөөр, дешет айрым байкоочулар.