Коммунисттердин лидери Пантелеймон Гиоргадзенин ырастоосунда, мындай чечим Грузиянын убактылуу жетекчилигине нааразылык иретинде кабыл алынды. Президент Шеварднадзени бийликтен кетирген лидерлер “өздөрүн легитимдүү башкаруучулук өңдүү сезишет”, деген Гиоргадзе бойкоттун дагы бир себептеринин бири катары анын баласы Игордун Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан президентикке талапкер болуп катталбаганын көрсөттү. Грузиянын Коопсуздук комитетинин мурдагы жетекчиси Игорь Гиоргадзе 1995-жылы Шеварднадзеге кол салууга катышкан деп шектелип, Россияда баш пааналап жүргөн.
Борбор шайлооком болсо Гиоргадзе мыйзада каралган бир катар талаптарга жооп бербегендиктен, анын кандидатурасы катталган эмес деп билдирди.
Борбор шайлооком болсо Гиоргадзе мыйзада каралган бир катар талаптарга жооп бербегендиктен, анын кандидатурасы катталган эмес деп билдирди.