Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:53

ОРУС-КЫТАЙ КУРАЛ СООДА АЛАКАСЫ


Дүйшөмбү күнү Москвага келген Кытайдын коргонуу министри үстүбүздөгү жуманы Орусияда өткөрөт. Цао Гаңчуандын визити эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын, анын ичинде курал соодасын бекемдөө максатын көздөөдө.

Кытайдын коргонуу министри Маскөөгө дүйшөмбүдө келди. Ал Орусиянын жетекчилери менен сүйлөшүү жүргүзүп, Санкт-Петербургдагы жана Маскөөдөгү курал жасоочу ишканаларда болуп, баш-аягы жети күн жүрөт.

Визиттин мынчалык узактыгы курал соодасы эки өлкөгө бирдей маанилүү экендигин айгинелейт. Кытай - Орусиянын баалуу кардары, Орусиянын курал экспортунун дээрлик жарымы дал ушул өлкөгө туура келет. Өткөн үч жылда эле Бейжин «Сухой» үлгүсүндөгү 73 согуштук учак сатып алды. Курал соодасы боюнча эксперт Руслан Пухов мындай дейт:

- Мында Kытай - Орусия үчүн кычкылтектин баа жеткис булагы. Кытайдын курал заказдарысыз, Орусиянын согуштук комплексинин үчтөн бири үчүнчү миң жылдыкка чейин жетмек эмес. Ишканалар эбак жабылмак.

Бирок Маскөөдөгү көз карандысыз Стратегиялар жана технологиялар боюнча аналитикалык борборду жетектеген Пухов Кытайдын куралга болгон талабы канааттандырылгандан кийин Маскөөнүн Кытайдан көз карандылыгы Орусия үчүн коркунучтуу экендигин эскертти. Бирок кытай таануучу Генадий Чуфрин аймактык эки дөө-шаа бир-бирине жетиштүү баа берээрин мындайча билдирди:

- Картаны карасаңыз, Орусиянынн эң узун чек арасы Кытай менен экенин көрөсүз. Чек арада коңшулардын бейпилдигин кепилдөөнүн өзү эле чоң мааниге ээ. Орусия үчүн ошондой эле башка өлкөлөргө караганда Кытай менен экономикалык алака түзүү алда-канча жеңил.

Өткөн жазда Орусиянын президенти Владимир Путин жана анын кытайлык өнөгү Ху Цзинтао космостон энергетикага чейинки ар түркүн тармактардагы кызматташтык тууралуу келишим түзүшкөн. Ал эми 2001-жылы Достук жана кызматташттык келишими жетишилип, ошондой эле 1960-жылдардан бери чечилбей келген чек ара маселелери жөнгө салынган.

Үстүбүздөгү жылы эки өлкөнүн расмий орток соодасы 12 миллиард долларга жетти. Башкача айтканда, беш жыл ичинде соода беш эсеге көбөйгөн. Бирок Ыраакы Чыгыштагы миллиондогон кытайлар менен орустар үчүн бейрасмий соода байланышы мындан да чоң мааниге ээ. Хабаровск жана Благовещенск сыяктуу шаарларда кытайлык товарлардын баасы Батыштыкына караганда кыйла төмөн.

Кытайдан мигранттардын жана соодагерлердин чубап келип жатышына байланыштуу, жергиликтүү орус саясатчылары протекционисттик маңыздагы билдирүүлөрдү көп жасашат. Бүгүн Амур дайрасынын Орусия тарабында болгону жети миллион киши жашайт, ал эми каршы тарапта 120 миллион кытай бар. Бирок профессор Алексей Воскресенскийдин ишениминде, элдин чек арадан агылышы экономикалык байланыштын табигый натыйжасы жана убакыт өткөн сайын бул туруктуу көрүнүшкө айланат:

- Экономикалык активдүүлүк өскөн сайын, чек араны бойлото диаспоралар пайда болот. Туруктуубу, убактылуубу, биз муну азырынча айта албайбыз, бул - өнүгүүнүн жаңы үлгүлөрүнүн бири.

Ушул себептен улам Орусиянын Эл аралык байланыштар институтунда иштеген профессор эки өлкө кечиктирбей, Жакынкы Чыгыштын структуралык өнүгүшүн жана терең интеграциясын камсыздоо үчүн, узак мезгилдүү план иштеп чыгышы зарыл дейт.

Экономикалык байланыштар өскөн менен, эски шектенүүлөрдөн арылуу кыйын болуп чыкты. Курал эксперти Пухов Маскөө бүгүн да мыкты куралдарын Индияга сатып, Бейжинге орто заар сапаттагы куралдарын калтырып келатканын белгиледи. Пуховдун көз карашында, бул жагдай орус армиясында Кытайга шектенүү менен мамиле жасаган генералдардын таасири күчтүү экендигин айгинелейт. Ушундан улам, Кытайдын коргонуу министринин Орусия сапары жеңил-желпи болбойт дейт Пухов:

- Кийинки кезде кытайлар орустарга төмөнкү сапаттагы эмес, стандарттык курал сатууга кысым көрсөтө баштады.

Ошого карабастан, Орусия Кытайдын бирден-бир ишенимдүү курал жабдуучусу бойдон кала берүүдө жана апталык сүйлөшүүлөрдүн кандай бүтөөрү али белгисиз. Бирок Пуховдун айтымында, Орусия Кытайдан шектенүүсүн токтотпосо, Кытай европалык жана израилдик өндүрүүчүлөргө кайрылышы мүмкүн. Маскөөнүн курал соодасы да, Ыраакы Чыгыштын экономикалык өнүгүшү да ушуга көз каранды болот.

XS
SM
MD
LG