Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:27

500 айылда телефон жок


БИШКЕК. Кыргызстандын 500 айылында телефон байланышы жок. «Сорос-Кыргызстан» корунун колдоосу менен иштеп жаткан телефон байланышы боюнча долбоорунун биринчи бөлүгү ушундай тыянак чыгарды. Бул тууралуу бүгүн «АКИ-пресс» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында өкмөт алдындагы байланыш боюнча агенттиктин, байланыш операторлору ассоциациясынын жана «Сорос-Кыргызстан» фондунун жетекчилери кабарлашты. Учурда телефону жок айылдарды байланыш менен камсыздоону гранттардын эсебинен ишке ашыруу аракети көрүлүүдө. Маселен, эларалык уюмдардын көмөгү менен Чүй районундагы «Маданият» айылындагы 200 үйгө телефон коюлган. Буга 40 миң швейцар франкы сарпталды. Аталган айылдарда жүргүзүлгөн сурамжылоолор көрсөткөндөй, эл негизги көйгөй телефондун жоктугунда эмес, жакырчылыкта экендигин белгилешкен.

XS
SM
MD
LG