Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:04

Бийлик Конституцияга өзгөртүү киргизүү тууралуу депутаттардын демилгесин колдобойт


БИШКЕК. «Быйылкы жылдын февраль айындагы референдумда Конституцияга киргизилген өзгөртүү-толуктоолорду элдин 70% ашууну колдошкон. Ошондуктан, 1 жыл өткөрбөй Башмыйзамга кайрадан өзгөртүү киргизүү туура эмес» деп билдирди бүгүн президенттин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү, Конституциянын жаңы редакциясынын долбоорун иштеп чыккан эксперттик топтун жетекчиси Чолпонкул Арабаев. Буга чейин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары саясий партияларды болочок парламенттик шайлоого партиялык тизме менен катыштыруу тууралуу Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун даярдашкан. Аны 75 депутат колдоп, палата төрагаларына жөнөтүлгөн. Жакында аталган мыйзам долбоору Конституциялык сотко жиберилет. Чолпонкул Арабаевдин пикири боюнча, мындай мыйзам долбооруна мамлекет башчысы макулдугун бериши күмөн.

XS
SM
MD
LG