Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:22

Бейөкмөт уюмдар өкмөт башчыга кайрылуу жолдошту


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстандагы бир катар бейөкмөт уюмдар премьер-министр Николай Танаевге кайрылуу жолдошту. Кайрылууда өкмөт башчынын «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ишканасынан 102 миң доллар насыя акча алышы сынга алынып, бул окуя кызмат абалынан кыянат пайдалануу катары белгиленген. Кайрылуу ээлери Н. Танаевден 29-декабрга чейин бул маселе боюнча толук маалымат беришин жана 30-декабрда бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен «Мамлекеттик кызматкерлердин этикасы» деген темада жолугушуу өткөрүүнү талап кылышкан. Кайрылууга «Атуулдук коом коррупцияга каршы» бейөкмөт уюму, «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясы жана Кыргызстандын укук коргоо кыймылынын жетекчилери кол койгон.

XS
SM
MD
LG