Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:00

Президент Аскар Акаевдин Казакстандагы ырасмий сапары аяктады


БИШКЕК. 2004-жылдын 1-январынан тартып Кыргызстандын оор жүк ташыган автоунаалары жана поездери Казакстандын аймагынан уруксаты жок эркин өтө алат. Ошондой эле Кыргызстанда өндүрүлгөн товарлар Казакстанда, ал эми Казакстанда өндүрүлгөн товарлар Кыргызстанда эркин сатылат. Буларга негиз бере турган өкмөттөр аралык келишимдерге президент Аскар Акаевдин Казакстанга болгон ырасмий сапары учурунда кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Аскар Акаевдин Казакстанга жасаган ырасмий сапары бүгүн соңуна чыкты.

XS
SM
MD
LG