Омск шаарындагы Анатолий Коненко аттуу зергер уста жаңы жылда бийиктиги бар болгону 5 миллиметр келген кооз, адеми балаты жасады.
Балаты алтындан, күмүштөн жана малахит асыл ташынан жасалган оюнчуктар менен кооздолгон.
Автордун сөзүнө караганда, ал оюнчуктардын жасалгаланышына кызыккандар микроскоп аркылуу гана сүрөтчүнүн чеберчилигине тен бере алышат, себеби оюнчуктар адамдын чачынан 4 эсе жука жасалгаланган.
ИТАР-ТАСС агенттиги Анатолий Коненконун мындан бир канча жыл мурда дүйнө боюнча алгач 1 миллиметр өлчөмдөгү кичинекей китеп чыгаргандыгын маалымдады. Ал китепке А.Чеховдун «Хамелеон» деген аңгемеси батырылган. Бул чыгарма Гиннес китебине киргизилген.
Дүйнөлүк кабарлардын кечки чыгарылышын даярдап, окуган – Шейшекан Жаналиева, Прага