Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:34

КЫРГЫЗСТАНДЫН ЭЛЕКТРОНДУК БАЙЛАНЫШЫ


БИШКЕК. 2-ЯНВАРЬ. Быйыл Кыргызстандын 80ге жакын кичи типтеги шаарчалары менен баселке, айылдарында электрондук байланыш түйүндөрү орнотулат. Бул иш-чараларга 375 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражаты жумшалат. Каражат электрондук байланыштар боюнча Эларалык уюму тарабынан бөлүндү. Транспорт жана коммуникация министри Кубанычбек Жумалиевдин маалыматы боюнча, учурда Кыргызстанда ар бир 1000 адамга 70ке жакын компьютер туура келет. Ал эми өлкөнүн маалымат-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча стратегиясында 2010-жылга чейин ар бир 1000 адамдын ичинен 300гө жакын адамды компьютер менен камсыз кылуу максаты коюлган. Учурда кыргыз өкмөтү Кытай Эл Республикасынын жана Түштүк Кореянын өкмөттөрү менен Кыргызстанда компьютерлерди чыгарган ишканаларды куруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө.

XS
SM
MD
LG