Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:27

Акыйкат башкаруу кеңешине ишенбегендер билдирүү таратты


ЖАЛАЛАБАД. 5-январда «Аскар Акаевди кызматтан кетирүү жана эл үчүн реформа» кыймылынын Жалалабад облустук комитети билдирүү таратты. Комитет «Кыргызстандын улуттук электр тармагы» ишканасынын премьер-министр, Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин жетекчиси Николай Танаевге 102 миң доллар беришин кошоматчылык деп баалады. Премьер-министрге Казакстандан карыз өндүргөнү үчүн насыя акча берилсе, анда милдетин абийирдүү аткарып жаткандардын баардыгына кредит таратылышы керектиги көрсөтүлдү. Бул окуя бийликтеги коррупциянын бетин ачканы жана мындай кемчиликтер элдин бийликке болгон ишенимин жоготоору айтылды. Билдирүү ээлери коррупцияга каршы күрөшүүчү Акыйкат башкаруу боюнча улуттук кеңештин жөндөмүнө ишенбей турганын белгилешти.

XS
SM
MD
LG