Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Акыйкатчы президент А.Акаевге кайрылды


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу парламент тарабынан өткөн жылы апрель айында кабыл алынган «Мунапыс жөнүндө» мыйзамга кол коюуну өтүнүп президент Аскар Акаевге кайрылды. Бул тууралуу акыйкатчы 6-январда билдирди. Анын айтымында, бул мыйзамды абактагы миңдеген атуулдар күтүп жатат. Мыйзамдын күчүнө кирбей жатышынан абактарда моралдык оор кырдаал түзүлүүдө. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны өткөн жылы Конституциянын 10 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттигинин 2200 жылдыгына карата абактагы 58 жаштан жогору аялдарга, 65 жаштан жогору эркектерге, майыптарга, ар кандай согуштардын ардагерлерине, оор кылмыш жасабаган жаштарга мунапыс берүү тууралуу мыйзам кабыл алган эле. Бирок, президент ага бир катар кошумчаларды киргизүү талабы менен каршы пикирин билдирген.

XS
SM
MD
LG