Линктер

жума, 20-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:31

Ооганстанда эки тонна апийим жок кылынды


КАБУЛ. АКШ баштаган коалициялык аскерлер Ооганстанда эки тонна апийим жана маң зат жасоодо пайдаланылчу бир топ химиялык заттарды жок кылышты. Коалициялык күчтөрдүн өкүлү Брайен Хилфертинин айтымында, жашыруун лаборатория 2-январда Кундуз шаарынан 90 километр жерде, табылган. Улуттар Уюмунун маалыматына караганда, талибан режими бийликтен кулатылгандан бери Ооганстан кайра эле апийимдин эң ири өндүрүүчүсү болуп калды. Анда жылына кеминде 3600 тонна апийим өстүрүлөт.
XS
SM
MD
LG