Кечээ Грозный шаарынын Октябрь районунда милициянын кызматкерлерине ок аткан куралдуу чечен атуулу кармалды. Атышуудан милициянын атайын бөлүгүнүн кенже сержанты жарадар болду. Чеченстандын Ножай-Юрт районундагы бир нече айылдарда жер көчүп, ондогон үйлөр керектен чыкты. Анда жашагандар башка жакка көчүрүлүп аткан кези.