Адегенде Фаллужа калаасынын четинде жерден атылган ракетага кабылып кыйраган тигучмада АКШнын тогуз аскери набыт болгон. Андан көп өтпөй дагы бир америкалык аскерий учактын кыймылдаткычы өрттөнүп, ал Багдаддагы эл аралык аэропортко кайтып барууга аргасыз болду. Маалыматтарга караганда, жерден атылган окко кабылган ал учактагы 63 адамдын эч кимиси жабыр тарткан жок.