Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:49

Таласта төө буурчак өстүрүүчүлөр нааразылык акциясына чыгышты


ТАЛАС. Таластагы төө буурчак өстүрүүчүлөрдүн нааразылык акциясы президенттик администрация менен макулдашылганына карабастан, имарат берилбей, бүгүн «Робин» фирмасынын Карабуурадагы кеңсесинин жанында ачык асман астында өттү. Чогулгандардын алдына айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министри Александр Костюк, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Алымбай Султанов жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышып, элдин көптөгөн суроолоруна жооп беришти. Элдин койгон негизги талабы – «Робин» фирмасын Кыргызстандан кетирүү. Бул маселеге байланыштуу зарыл документтер топтолуп, сот органдарына берилген атат. Фирманын жетекчилери “«Робин» Таластан 25-январга чейин чыгып кетет” деп убада беришүүдө.

XS
SM
MD
LG