Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:32

Сирия «террорду» колдоодон баш тартса, Израил аны менен сүйлөшүүгө даяр


Бул тууралуу Израилдин премьер-министри Ариэл Шарон билдирди. Израил менен Сириянын ортосундагы сүйлөшүү мындан төрт жыл мурда үзгүлтүккө учураган. Сүйлөшүү Израил 1967-жылы басып алган Голан дөңсөөлөрүнүн тагдырын аныктоо максатын көздөйт.
Кечээ Израил аскерлери Батыш Жээктин Наблус шаарында палестин жигитти атып өлтүрүштү. Израил радиосу "жигит колундагы бомба жарылып, набыт болду" деп кабарлады.
Ушул эле күнү Тель-Авивде Ариэль Шарондун Батыш Жээктен бир катар жөөт айылдарын көчүрүү планына каршы ири демонстрация болду. Ага 100 миңден ашык киши катышты.

XS
SM
MD
LG