Тажик Жогорку Соту бүгүн жарыялаган маалыматка караганда, өлкөнүн Исламдык кайра жаралуу партиясынын төрагасынын орун басары Шамсиддин Шамсиддинов 16 жылга эркинен ажыратылды. Шамсиддинов өткөн май айында камакка алынган жана 1992-1997-жылдардагы ич-ара согуш учурунда куралдуу топ түзгөн деп күнөөлөндү. Дагы үч адам ар бири 25 жылга эркинен ажыратылды, алар 2000-жылы Согди провинциясынын жетекчисин өлтүрүүгө катышкан деп күнөөлөндү.