Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:47

Ооганстандын борборунда элден курал-жарак жана аскердик техника жыйналды


Бүгүн Кабулда жергиликтүү калктан курал-жарак жыйналып, анын аркасы менен оор куралдардын 100гө жакыны топтолду. Тапшырылган курал-жарак жана аскердик техника негизинен артиллериялык жана ракеталык жабдыктардан турат. Анын баары Ооганстандын болочок армиясы үчүн Кабулдун жанындагы казармада сакталып турмакчы. Ооганстандагы куралдуу топтордун катарында жалпы жонунан 600 миңдей киши бар. Алардын арасынан бирин-серин адамдар гана куралын тапшырууга макулдук берүүдө. Мындан тышкары, бүгүн Ооганстандын жетекчилиги мурун талибдер тарабында согушкан 49 пакистан атуулун түрмөдөн бошотту. Мындай чечим Кабулга Пакистандын премьер-министри Зафарулла Хан Жамали келип кеткен соң кабыл алынды. Ооган түрмөлөрүндө миңге жакын пакистандыктар кармалып турат.

XS
SM
MD
LG