Бул кабарды украин өкмөтүнүн премьер-министри Виктор Янукович ырастады. Анын айтымында, апрелде эки өлкөнүн өкмөт башчылары Киевде жолугушуп, визитке даярдык көрүү иштерин талкуулашат. Муамар Каддафи 1989-жылдан бери Африкадан жана Жакынкы чыгыштан тышкары аймактарга визит жасап бара элек. Былтыр октябрда украин президенти Леонид Кучма Ливияда болгон эле.