БИШКЕК. «Конституция боюнча жаза мөөнөтүн өтөп отурган атуул президенттик жана депутаттык орундарга же башка аткаруу органдарына талапкер боло албайт. Ошондой эле, биротоло акталбаган атуул мындай укуктан пайдалана албайт». Мындай пикирин биринчи вице-премьер-министр, Юстиция министри Курманбек Осмонов журналисттердин Феликс Куловго байланыштуу суроосуна жооп берип жатып билдирди. Феликс Куловду президенттикке көрсөтүүгө Конституция тоскоол болбой тургандыгын өткөн айда Элдик конгресстин мүчөсү, «Атамекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирген. Ал эми Феликс Кулов «МСН» гезитинин суроолоруна берген жообунда анын президенттикке талапкер катары көрсөтүлүшүнүн өзү шайлоонун айкын өтүшүн каалаган эларалык уюмдардын кызыкчылыгын арттырарын белгилеген.