Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:46

АКШ ДЕМОКРАТИЯЛЫК ПАРТИЯСЫНЫН ШАЙЛОО АЛДЫНДАГЫ БИРИНЧИ ЖЫЙЫНЫ


Нарын АЙЫП, Прага http://gdb.rferl.org/8145C0C8-9478-4059-A74F-CD33E9E129A0_w203.jpg 19-январда АКШнын Айова штатында Демократиялык партиянын президенттик шайлоо менен байланыштуу биринчи жыйыны болуп өттү жана анда партиянын атынан президенттик талапкерликке көрсөтүлгөн саясатчылардын ичинен сенатор Жон Керри алдыңкы орунга чыкты. Көпчүлүк байкоочулардын пикиринде партиянын атынан талапкер катары аталат делген Говард Дин үчүнчү орунда калды.

Үстүбүздөгү жылдагы президенттик шайлоо Америка Кошмо Штаттарында 2-ноябрда өткөрүлөт. Өлкөнүн негизги эки партиясы - Демократиялык жана Республикалык партиялардын атынан бирден талапкер көрсөтүлүүгө тийиш жана ал тууралуу партиялардын жалпы курултайлары июль жана август айларында өтөт. Республикалык партиянын атынан азыркы президент Жорж Буш көрсөтүлөөрүнөн күмөн жок, бирок баары бир партия ал тууралуу чечимди 30-августта өтө турган курултайда кабыл алышы керек. Демократиялык партиянын курултайы болсо 26-29-июлда Бостон шаарында өткөрүлөт.

Демократтар арасынан азырынча сегиз талапкер көрсөтүлгөн, алар - Вермонт штатынын мурдагы губернатору Говард Дин, Миссури штатынан шайланган конгрессмен Ричард Гепхардт, Массачусетс штатынан шайланган сенатор Жон Керри, Түндүк Каролина штатынан шайланган сенатор Жон Эдвардс, Огайо штатынан шайланган конгрессмен Денис Кусинич, адам укуктарын коргочу Эл Шарптон, Коннектикут штатынан шайланган сенатор Жозеф Либерман жана НАТО аскерлеринин мурдагы башчысы генерал Уэсли Кларк.

Гепхардт мурда дагы президенттикке көрсөтүлгөн бирок 1988-жылы партиянын атйынан талапкер болуп аталбай калган. Либерман 2000-жылы партиянын атынан вице-президенттикке көрсөтүлгөн, бирок президенттикке талапкер болгон Алберт Гор менен кошо Жорж Буш жана Дик Чейниге шайлоодо утулган. Гор быйыл талапкерликке көрсөтүлгөн жок.

Партия курултайынын алдында өлкө штаттарында ар башка жыйындар өтүп, алар курултайга делегаттарды шайлайт. Биринчи жыйын 19-январда Айова штатында өттү, акыркы жыйын 8-июнда Монтана жана Нью-Жерси штаттарында болот. Акыркы күндөргө чейин аталган сегиз талапкердин ичинен лидер болот деп Говард Дин айтылып келген, бирок Айова штатында ал биринчи орунга чыга алган жок. Алдыңкы орунга жете албаган Гепхардт болсо, шайлоо өнөктүгүнөн таптакыр чыгып кете турганы жөнүндө билдирди. Анткен менен Айовадагы жыйындарга Либерман менен Кларк келген жок жана алардын талапкерлиги штатта талкууланбады.

Айова өтө чоң штат эмес, анда үч миллионго жакын гана адам жашайт. Ошондуктан анда ири жыйын же добуш берүү болбостон, жөн гана эки миңге жакын шайлоо чөлкөмүнүн ар башка мектептеринде, чиркөөлөрдө жана башка коомдук же жеке менчик имараттарда эркин жыйындар өткөрүлүп, анын катышуучулары өз пикирлерин билдирди. Жыйынга катышкандардын 15 пайызынан аз колдоо тапкан талапкерлер тизмеден чыгарылып, аларды жактагандар башка талапкерлердин топторуна өтүп отуруп, акырында негизги төрт талапкер аталды.

Биринчи орунга Виетнам согушунун катышуучусу сенатор Жон Керри жетти, аны Айова штатынын демократ шайлоочуларынын 37 пайызы колдоду, 32 пайыз колдоо менен экинчи орунга сенатор Жон Эдвардс чыкты. Говард Динди болсо 18 гана пайыз шайлоочу колдоду, ал эми Ричард Гепхард 10 пайыз гана колдоого татыды.

Айовадагы жыйындар аяктагандан кийин, Жон Керри чогулгандарга кайрылып, алдыда дагы көп жыйындар жатканы жана күрөш дагы көпкө улана турганы жөнүндө айтты: "Дагы Нью-Гемпширдеги жыйын бар. Келечекте дагы Нью-Йорк бар. Алдыдагы жол узак, бирок биз баары бир жеңишке жетебиз. Жыйындардын баарына катышып, талапкерликти утуп алалы, андан соң президенттикти да утуп алып, Жорж Бушту кайра Техас штатына айдап жиберели. Ошондо гана биз: 'Милдет аткарылды!' - деп айта алабыз!"

Келерки жыйын 27-январда Нью-Гемпшир штатында өтөт.

XS
SM
MD
LG