Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:24

Кыргызстандык бокс чеберлери Филиппинден олжолуу кайтышты


БИШКЕК. Азия чемпионатынын эң негизги өзгөчөлүгү - мелдеште биринчи жана экинчи орунду ээлегендерге быйыл жайында Афинада өтө турган олимпиадалык оюндарга жолдомо берилмек. Кыргызстандын намысын коргоого бел байлаган 9 спортчунун ичинен караколдук Айбек Абдымомунов гана Афина олимпиадасына баруу укугуна ээ болду. Ал 54 кг. салмакта баш байге үчүн таймашта Өзбекстандык атаандашына алдырып койгондугуна карабай, экинчи орунду ээлегендиктен, олимпиадалык жолдомонун ээси болду. 20 жаштагы Айбек – Кыргызстандын чемпиону, эларалык мелдештердин жеңүүчүсү болуп саналат.
Филиппин өлкөсүндө өткөн Азия чемпионатында үмүт жандырган Кымбатбек Рыскулов менен Илья Поликпашев коло медаль жеңип алышканы менен Афина олимпиадасына барууга жолдомо ала албай калышты. Калган 6 бокс чебери финалдык таймаштарга илинишкен жок. Алар март, апрель айларында Кытайда жана Пакистанда өтүүчү эл аралык Гран-при мелдештерине барышып, баш байгенин ээси болушса гана, аларга да Афина олмипиадасына жол ачылат.


Кабарларды Бурулкан Сарыгулова менен Бакыт Аманбаев даярдашты.

Редактор – Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG