Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Январь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:36

ЮКОС компаниясынын жетекчилеринин дагы бири камакка алынды


Орусиянын ЮКОС компаниясына таандык мунай тазалоочу заводдун деректири Рафаэл Зайнуллин 21-январда Самара шаарында камакка алынганы маалым болду. Ал 1999-жылы эки миллион 300 миң доллар салык төлөбөгөн деп күнөөлөнүүдө. ЮКОСтун басма сөз катчысы Александр Шадриндин айтымында, завод бардык талаптуу болгон салыкты мыйзам чегинде төлөгөн жана бул камак - ЮКОСко каршы жүргүзүлүп жаткан эбегейсиз саясий кампаниянын бир бөлүгү. ЮКОСтун башчысы, Орусиянын эң бай адамы Михаил Ходорковский октябрдан бери камакта.

 

XS
SM
MD
LG