Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:52

Ригада мектеп окуучуларынын нааразылык демонстрациясы өттү


РИГА. Латвиянын баш калаасында бир миңге жакын мектеп окуучу жаңы мыйзамдын кабыл алынышына нааразылык билдирди. Өлкөнүн парламенти кабыл алган мыйзам боюнча, биринчи сентябрдан тарта жалпы билим берүүчү мектептердин класстарынын 60 проценти сабактарды латыш тилинде өтүшөт. Латвиянын орус тилдүү калкы бул мыйзамды улуттук дискриминация катары сыпаттоодо. Ал эми латыш өкмөтү жаңы мыйзам республикада жашаган улуттук азчылыктардын өкүлдөрүн латыш коомуна интергациялоого жана алардын билим алуусу менен иш менен камсыздоого өбөлгө түзөөрүн айтат. Орус тилдүү калк Латвия калкынын кеминде 40 процентин түзөт.

XS
SM
MD
LG