Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:45

Парламентте балдар жөнүндөгү Кодекс каралат


БИШКЕК. Ушул жылдын март айында Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынында «Балдар жөнүндөгү» кодекс каралат. Бул жөнүндө бүгүн «Балдарды коргоо» Фондунан маалымдашты. «Балдар жөнүндөгү» кодекс өлкөдөгү бир катар укук коргоо уюмдары, балдардын укуктарын коргогон бейөкмөт уюмдары тарабынан иштелип чыккан. Аталган кодексте балдардын укуктары, ата-энелердин жана улуулардын балдарга карата жоопкерчилиги каралган. Март айына чейин «Балдар жөнүндөгү» кодекс коомчулукта кеңири талкууланат. Өткөн жылдын аягында «Жаштардын укук коргоо тобу» менен «Укуктук тарбиялоо жана билим берүү Фонду» биргелешип иликтөө жүргүзүп, «Кыргызстанда балдардын укуктары бузулууда» деген тыянагын жарыялашкан. Балдардын укуктары жөнүндөгү эл аралык Конвенция Кыргызстанда 1994-жылы ратификацияланган.

XS
SM
MD
LG