Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:41

КДК партиясынын түштүк бөлүгү кол чогултууну улантууда


БИШКЕК. «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын түштүк бөлүмү Аскар Акаевдин президенттик мөөнөтүн 2012-жылга чейин узартууну колдогон атуулдардын колун топтоону улантууда. Бул тууралуу бүгүн «Азаттыка» аталган партиянын төрага орун басары Аманбай Сатыбаев маалымдады. Анын айтымында, азырынча 160ка жакын адам бул демилгени колдоп кол коюшту. Мындан эки апта илгери «Кыргызстан демократиялык кыймылы» партиясынын түштүк регионалдык бөлүмү Жогорку Кеңештин кош палатасына ушул жылдын күз айлары президенттин мөөнөтүн узартуу боюнча референдум өткөрүү сунушу менен кайрылуу жолдогон. Ал эми партиянын жетекчилеринин бири Жыпар Жекшеев «партиянын аймактык бөлүмүнүн парламентке жолдогон мындай кайрылуусу негизсиз» деген пикирин билдирди.

XS
SM
MD
LG