Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 23:44

МАРСКА АМЕРИКАНЫН ДАГЫ БИР АППАРАТЫ КОНДУ


Кубат Оторбаев, Прага http://gdb.rferl.org/5AB13CE2-E44A-4CE6-B3C5-B72B7CAEC3A1_w203.gif Бүгүн Америка Кошмо Штаттарынын Opportunity деген экинчи марсжүргүсү Марска ийгиликтүү конду. Ал “кызыл планетада” суу бар же жогун изилдемекчи.

Opportunity жекшембиде Бишкек убактысы боюнча эртең мененки 10дон 5 мүнөт өткөндө Марстын аркы бетине – 4-январда Spirit марсжүргүсү конгон Гусев кратерине жакын аймакка аман-эсен конду.

Космос аппараты Марска саатына 19 миң чакырым ылдамдыкта жакындады. НАСА агенттигинин кызматкерлеринин айтымында, Opportunity бир нече жолу аласалганына карабай, Марска жумшак конду. Айтмакчы, аны менен байланыш дароо эле түзүлгөн жок. НАСАнын адистери муну Opportunity’нин антеннасы Жерден жиберилген белгилерди убактылуу кабыл албай калган болушу керек деп түшүндүрүп жатышат.

Космос аппараты Марска аман-эсен конгонуна көзү жеткен НАСА агенттигинин кызматкерлери кубанычтарын жашырган жок:

- Биз марсжүргүнү “Сол тараптагы уюлдашуу каналы” жабдуусунан көрүп жатабыз. Абдан даана сүрөт келүүдө. Достор, биз эми Марстабыз! – деп НАСАнын Пасадена шаарындагы лабораториясынын кызматкерлеринин бири өз кубанычы менен бөлүштү.

Адистердин айтымында, Гусев кратеринде мурда көл болгон болушу ыктымал. Европалык космос агенттиги учурган космос кемеси да Марстын бетинен муз тапты деген маалымат тараган. Ал эми НАСАнын адистеринин айтымында, Opportunity конгон аймак каралжын тартып тургандыктан, аймактагы кыртыш алдында суу болушу ыктымал деген ишеним күчтүү.

Эми Opportunity дагы, Spirit дагы Марстын бетин 3 ай бою изилдейт. Иликтөө иштери андан ары узартылышы ыктымал. Мурда кабарлангандай, буга чейин Spirit марсжүргүсүнүн жардамы менен “кызыл планетанын” сүрөттөрү тартылып алынган. Бирок, шаршембиден тартып ал жакшы иштебей калды. Көп өтпөй эле НАСАнын адистери марсжүргүнүн бузулган жерлерин оңдоого жетишти. НАСАнын деректиринин орун басары Эрл Вейлер Spirit менен байланыш калыбына келтирилгенин бүгүн мындай деп билдирди:

- Мен марсжүргүнү “акыркы сапарга узатуу жөрөлгөсүнө” катышуу үчүн бул жакка камынып келген элем. Тескерисинче, соңку 48 саат ичинде биз бир марсжүргүнү кайра тирилтип тим болбой, бүгүн дагы башка бир марсжүргүнүн “төрөлгөнүнө” күбө болуп отурабыз.

Ошол эле учурда, Opportunity марсжүргүсүндө да кокус ушундай көйгөй пайда болуп калса, НАСАнын адистери анын бузулган жерин оңдоодо Spiritти башкарууда топтолгон тажрыйбаны пайдаланууга ниеттенишүүдө.
XS
SM
MD
LG