Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:08

КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын Бишкекте жолугушу күтүлүүдө


БИШКЕК. 27-ЯНВАРЬ. Ушул жылдын 16-апрелинде Бишкекте КМШ мамлекеттеринин өкмөт башчыларынын жыйыны өтмөкчү. Бул тууралуу кечээ премьер-министр Николай Танаев билдирди. Анын айтымында, жыйында КМШнын алкагында табигый кырсыктардын кесепеттерин жоюу боюнча бирдиктүү фонд түзүү маселеси каралат. Фонд эгерде КМШ мамлекеттеринин биринде табигый кырсык болуп калса, анын кесепеттерин биргелешип, тез арада жоюу максаты менен түзүлөт.
Николай Танаев Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министри Сергей Шойгу менен Москвада жолугушканда эки өлкөнүн бул багыттагы узак мөөнөттүү программасынын долбоорун талкуулаган. Программа табигый кырсыктарды алдын-алуу үчүн байкоо жүргүзүү, кырсыктардын кесепеттерин биргелешип жоюу жана ага үчүнчү мамлекетти тартуу максаты менен түзүлүп жатат.

XS
SM
MD
LG