Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:33

Нааразылык акциясын жөнгө салууга арналган семинар өтмөкчү


БИШКЕК. Ысыккөл обласында митинг, демонстрация өңдүү нааразылык акциялары учурунда атуулдук коомдун өкүлдөрү менен тартип коргоо орган кызматкерлеринин ортосундагы чыр-чатакты болтурбоого арналган үч күндүк семинар өткөрүлөт. Ага Улуттук коопсуздук кызматынын, Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын областтык деңгээлдеги кызматкерлери жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышышат. Аларды Хорватиядан келген адистер окутушат. Семинардын соңунда Бишкекте аталган темага арналган коомдук талкуу өтөт. Мындай иш-чара Швейцария өкмөтүнүн көмөгү астында «Эларалык толеранттуулук үчүн» деп аталган бейөкмөт уюм тарабынан уюштурулууда.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG