Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:18

25 депутат Конституцияга өзгөртүү киргизүү боюнча оюнан баш тартты


БИШКЕК. “Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сунушталган «Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү» жөнүндө мыйзам долбоорун Конституциялык сот кароодон баш тартышы ыктымал”, – деген пикирин долбоордун демилгечилеринин бири, Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Өмүрбек Текебаев бүгүн билдирди. Анын айтымында, долбоорго макулдук берген депутаттардын ичинен 25 депутат өз макулдугун кайра алышты. Мыйзам боюнча Конституцияны өзгөртүүгө макулдук бергендердин саны кош палатанын депутаттарынын теңинен көбүн түзмөйүнчө, Конституциялык сот арызды кароого акысы жок. Конституциянын жаңы редакциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун Өмүрбек Текебаев баш болгон 75 депутат декабрь айынын этегинде Конституциялык сотко кароого берген. Депутаттар сунуштаган долбоордун башкы максаты - пропорционалдык шайлоо системасын киргизүү болчу. Шайлоого партиялык тизме менен катышууну кепилдеген мындай жобо былтыркы референдумда Конституциядан алынып салынган.

XS
SM
MD
LG