Конгресстин китепканасында сүйлөгөн сөзүндө Буш ирак калкы бүгүн иш жүзүндө эркин улутка айланганын, демократиянын айкын жышаандары региондо, айрыкча Катарда жана Мароккодо таасын байкала баштаганын белгиледи. Узак мезгил АКШнын саясаты үзүрсүз болуп келгенин, натыйжада аламдар басмырланып, алардын укуктары таңазар алынбай калганын көрсөтүп, Буш мындай доор эми өтүп кетти деп белгиледи. Германиядай, Япониядай жана Чыгыш Европадай эле эркиндик Жакынкы чыгышта да кысым-кысмакты жеңип чыгарына бекем ишенсе болот, деп айтты Буш.