Сенаттагы комиссиялардын биринде сөз сүйлөп, Пентагондун башчысы Доналд Рамсфелд ушундай билдирүү жасады. Ошол эле учурда ал Ирактын аскерий программалары туурасында бир беткей тыянак жасаганга али эртелик кыларын да эскертти. Ирак чоң өлкө, куралдарды таба алгыстай кылып катып койгонго болот, деп ырастады Рамсфелд. Бүгүн ЦРУнун башчысы Жорж Тенет да ушундай маанидеги билдирүү жасамакчы. Чалгындоо кызматтары,Тенеттин баасында, Ирактагы кырдаал тууралуу жалпысынан туура маалымат беришкен.