"Албетте, мен мунун баары мүмкүн болушунча эртерээк бүтсө дейм, бирок менимче, бул дагы бир топ убакытка созулат", — деген былтыр май айында фронттун алдыңкы сабында согушуп жүргөн, өзүн Петр деп тааныштырган украиналык аскер.
"Элдешүү болбойт. Баары согуш уланарын көрсөтүп турат", — деп эсептейт анын бөлүгүндөгү дагы бир жоокер Александр. Анын айтымында, Орусия Киевдин көзөмөлүндөгү Донецк облусунун бөлүгүн толук басып алууга чечкиндүү киришкендей.
Арадан сегиз ай өткөнүнө карабай, ок атышуу да токтогон жок, тынчтык да орной элек. Айыгышкан салгылашууларга карабастан, Орусия Донецк облусун толук басып ала албады. Бул Москванын негизги максаттарынын бири эле. Талдоочулар Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европадагы эң ири куралдуу жаңжал 2026-жылы аякташынан күмөн санашат.
"Чыр-чатакты биротоло чечүүгө зарыл болгон шарттардын бири да аткарылган жок", — дейт Лондондогу Падышалык коллеждин Аскердик изилдөөлөр кафедрасынын адиси Рут Дейермонд "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна курган маегинде.
"Украина да, Орусия да согуш талаасында чечүүчү жеңишке жетүүгө жөндөмдүү эмес", - дейт ал.
Владимир Путин Украинага каршы кеңири масштабдуу согушту 2022-жылдын 24-февралында жарыялаган. Ал кезде Кремль Украинаны тез эле баш ийдиребиз деген үмүттө болгон. Бирок дээрлик төрт жыл өтсө да орус аскерлери Украина аймагынын чабуулдун алгачкы жумаларына салыштырмалуу азыраак бөлүгүн гана көзөмөлдөп турат.
Орусиянын аскерлери жөө, мотоцикл менен, ал тургай ылай жолдордо техника жүрө албай калганда ат менен да алдыга жылып жатышат. Алар чоң жоготууларга учурап жатканына карабастан, Киев Донецк, Запорожье жана Херсон облустарынын олуттуу бөлүктөрүн алдырып жибербей, өз көзөмөлүндө кармап турат. Бул үч облусту жана Луганск менен Крымды Москва эч негизсиз "өз аймагы" деп жарыялап алган.
Батыштын чалгын кызматтарынын баамында, согуш учурунда жалпысынан 1,5 миллиондон ашуун аскер кызматкери каза болгон же жаракат алган.
Орусиянын Украинаны тынымсыз абадан аткылоосунан он миңдеген жайкын тургундун өмүрү кыйылган же жараат алган. Ошондой эле өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасы кыйраган.
Дейермонддун айтымында, 2026-жылы тынчтыкка жетүүгө Орусия гана тоскоолдук болууда. Москва "ок атышууну токтотууга гана эмес, согушту бүтүрүүгө да кызыкдар эмес сыяктуу".
АКШ президенти Дональд Трамп былтыр январда Ак үйгө кайтып келгенден кийин согушту токтотуу үчүн ортомчулук кылууга артыкчылык берген.
Акыркы айларда өткөн бир катар дипломатиялык сүйлөшүүлөрдүн алкагында Украина, анын европалык өнөктөштөрү жана АКШ тынчтыкты жөнгө салуу планы боюнча белгилүү бир келишимге жетишкени айтылууда.
Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү
Бирок ийгиликке жетүү мүмкүнчүлүгү дайыма бир суроого барып такалууда. Ал Орусия негизги маселелер боюнча кандайдыр бир жеңилдиктерге барабы деген маселе.
Биринчи кезекте бул аймактык көйгөй Донбасска гана эмес, Украинанын башка аймактарына да тийиштүү.
Экинчи ири талаш Киев үчүн коопсуздук кепилдиктеринин айланасында болууда. Айрыкча Украинанын аймагына Батыш аскерлеринин киргизилиши тууралуу талкуулар айрымдарга жакпай турат.
Орусия басып алган Запорожье атомдук электр станциясы боюнча пикир келишпестик да олуттуу тоскоолдук бойдон калууда.
Алдыдагы апталарда тынчтык сүйлөшүүлөрү илгерилеген сайын, кырдаал боюнча бир аз көбүрөөк тактык пайда болушу мүмкүн.
"АКШ, Украина жана Европа орток позиция табышы ыктымалдай көрүнөт, бирок Орусия эч кандай жеңилдиктерге баргысы келбей жатат. Орусия жарыялаган шарттар башка тараптардын бири үчүн да таптакыр кабыл алынгыс. Бул келишпестик Москванын жеңишке жеттим деген ишениминен келип чыгууда", -деген пикири менен Вашингтондогу Стратегиялык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун аскердик эксперти Марк Кансиан бөлүштү.
Кремлдин расмий өкүлү Дмитрий Песков Украина дрондор менен Путиндин резиденцияларынын бирине чабуул жасоого аракет кылган деген дооматтан кийин, Москва "cүйлөшүүдөгү позициясын катуулатарын" ачык билдирди. Киев бул айыптоону четке какты.
Ал эми Американын президенти Дональд Трамп адегенде Путин телефон аркылуу айткан соң чабуулга ишенгенин билдирген, бирок кийинчерээк АКШнын чалгын кызматтарынын жыйынтыгын кайталап, орус президенти да, анын резиденциясы да чабуулдун бутасы болбогонун айтты.
Орусиянын президенти Владимир Путин 19-декабрдагы басма сөз жыйынында, Жаңы жылдык кайрылуусунда жана Рождество майрамына карата куттуктоосунда Орусия тынчтыкка эмес, жеңишке басым жасап жатканын көрсөтүүгө аракет кылды.
31-декабрдагы жана 7-январдагы сөздөрүндө ал орус аскерлерин жогору баалап, алар "Ыйса Машаяктын миссиясына окшош ыйык миссияны" аткарып жатышканын айткан. Тынчтык тууралуу такыр сөз кылган эмес.
"Путиндин позициясы баягы бойдон өзгөрүүсүз калууда. Ал согушту улантуу. Алар 2026-жылы да Украинанын Орусия Крымдан тышкары өзүнө таандык деп эсептеген төрт облусуна Луганск, Донецк, Запорожье жана Херсон облустарына карата чабуулду улантууну көздөшөт", — дейт Carnegie Endowment for International Peace фондунун изилдөөчүсү, орус армиясы боюнча эксперт Дара Массико.
"Путин азыр да “Донбасс жана Новороссия” деген дооматты карманып келет", — дейт ал. Бул Кремль колдонуп жүргөн, Орусия империясы Украинанын чыгышы менен түштүгүндөгү кеңири аймактарды көзөмөлдөп турган доорго шилтеме кылган талаштуу термин экенин Массико эскертет.
Ошол эле маалда ички жана тышкы басым күчөп жаткан шартта "Орусия да, Украина да согушту узак жылдарга созбой, өздөрү үчүн мүмкүн болушунча пайдалуу шарттарда аяктоонун жолдорун издеп жатышат", — дейт Эл аралык кризис тобу уюмунун Орусия боюнча талдоочусу Олег Игнатов.
Бурулуш сааты
"Бул 2025-жылдын негизги сабагы. Эки тарап тең кеңири масштабдагы согушту өтө узакка созуу дестабилдешүү коркунучун жаратарын жана өнүгүүнү көп жылдарга артка тартарын түшүнүп калды», — деди "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна берген комментарийинде Игнатов.
Бирок анын айтымында, азырынча "тараптар согушту улантуу менен 2026-жылы сүйлөшүүлөрдөгү позициясын жакшыртышы мүмкүн" деп эсептеп жатышат.
Орусиянын да, Украинанын да алсыз жактары бар. Алардын ичинде адам ресурстарына байланышкан көйгөйлөр, курал-жабдыкка байланыштуу маселелер, экономикалык чектөөлөр жана башка факторлор.
"Согуш качан бүтөрү азырынча белгисиз. Бирок 2026-жылы Орусиянын аскердик машинасына болгон басым акыркы төрт жылдагыдан да күчтүү болот", — деп белгилейт АКШдагы Тышкы саясатты изилдөө институтунун (FPRI) кызматкери, Орусиянын аймактык жана бюджеттик маселелери боюнча эксперт Андраш Тот-Чифра.
Ошол эле учурда, International Crisis Group уюмунун Европа жана Борбор Азия программасынын директору Ольга Оликердин пикиринде: "Жеке курамдын тартыштыгына жана каржылык кыйынчылыктарга карабастан, Украинада курал-жарак, жоокерлер же экөө тең түгөнмөйүнчө согуш уланышы ыктымал".
Негизинен, бул жылы тараптардын кайсынысы болбосун кандайдыр бир чекке жетиши мүмкүн. Ал чек так кайсы жерде экенин окуялардан кийин гана аныктоого болот», — деди "Азаттыкка" берген маегинде Ольга Оликер.
Анын айтымында, кеңири масштабдагы согуш бешинчи жылга аяк басып, жоготуулар өсүп, ал эми Украинанын бардык аймактарына жана Орусиядагы негизги объектилерге ракеталык жана дрон чабуулдары улантылышы ыктымал.
Оликер толук масштабдагы согушту улантууга альтернатива бар экенин айтат. Бирок анын баамында: "Украинадагы согуш 2026-жылы туруктуу тынчтык менен аякташы күмөн".
Ал сценарийлердин бири катары башка да варианттарды божомолдойт.
"Трамптын администрациясы Киевге басым жасап, Орусиянын шарттарынын көбүн, болбосо дээрлик бардыгын кабыл алууга мажбурлашы мүмкүн. Бул иш жүзүндө капитуляцияга тете болмок", — дейт ал.
Cценарий ушундай нукта уланса Украинада чыңалууну күчөтүп, саясий туруксуздукту жаратышы жана Европанын башка өлкөлөрүнө карата Орусиянын ниети тууралуу кооптонууларды арттырышы мүмкүн деген көз карашта Оликер.
«Москва да тынчсызданат, жетишкен ийгиликтерин бекемдөөгө умтулат», — деп кошумчалайт ал.
Анын айтымында, «мунун эч бири тынчтыкка окшобойт жана жаңы, андан да катаал жаңжалдардын тутанышына алып келиши мүмкүн».
Рут Дейермонд да согуш 2026-жылы аякташы күмөндүү экенин белгилеп, ок атышпоо тууралуу макулдашуу жетишилсе, жаңжал «убактылуу токтошу мүмкүн» деген пикирде:
"Согуштун активдүү фазасы токтотулган күндө да, башка токтоп турган жаңжалдар сыяктуу эле, аны сүйлөшүү жолу менен жөнгө салуу кыйын болот, анткени эки тарап тең өздөрүнүн эң негизги кызыкчылыктары коркунучта турат деп эсептейт», — деди ал.
Анын айтымында, Орусия тараптан алганда, Владимир Путиндин президенттиги азыр согуш менен жана Украинаны баш ийдирүү долбоору менен ушунчалык тыгыз байланышып калгандыктан, деоккупация же Украинанын келечектеги өнүгүү багыты боюнча дооматтардан баш тартуу Орусияда жаңы президент пайда болмоюнча дээрлик мүмкүн эмес.
Ошол эле учурда Дейермонд "2026-жылы Кремлде бийлик алмашуу ыктымалдыгы өтө аз" экенин белгилейт.
«Ошондуктан мен 2026-жылдын аягында дагы эле согуш 2027-жылы бүтөбү деген суроону берип жатабыз деп ойлойм», — деп сөзүн жыйынтыктады ал.
Орусия Украинага "атайын аскердик операция" деп атап алып, негизсиз кол салган төрт жылдан бери Украинада миңдеген киши бейажал өлүм тапты, миңдегени майып, качкын болуп, үй-жайсыз калды. Канча деген балдар жетим, жарандар жесир калып, балдарынан айрылгандар миңдеп саналат.
Москванын согушуна жооп иретинде Украина Орусиянын армиясын каржылоо булагы деп эсептелген мунай заводдорун маал-маалы менен бутага алып келет. Украина Орусиянын мындай жайларын бутага алганда каза тапкандар, жаракат алгандар да катталып жатат.