Украина: 90 млдр евро насыя, Европадагы ажырым
Евробиримдиктин лидерлери Украинага кийинки эки жыл ичинде 90 миллиард евро насыя берүүнү макулдашты. Кремлге жакындыгы менен белгилүү Венгрия менен Словакия, ошондой эле Чехия бул демилгеге кошулган жок. Ал эми Киевге колдоо көргөзүү үчүн орусиялык активдерди пайдалануу маселесинде мунасага жетишкен жок. Жума күнү жылдын жыйынтыктары боюнча пресс-конференцияда орус президенти Владимир Путин сөз болгон активдерди колдонууну “каракчылык” деп сыпаттап, Москва ал өңдүү чечимдерге каршы сотко берерин эскертти. Эл аралык валюта фондунун эсебинде Орусиянын баскынчылыгынан катуу жабыркаган Украинага жалпысынан 137 миллиард евро зарыл.
Шерине