Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:03

Немис соту 11-сентябрдагы террорго тиешеси бар делген адамды актады


ГАМБУРГ. Бүгүн немис соту 2001-жылдын 11-сентябрындагы АКШдагы террордук актыга тиешеси бар делип шектелип келген мароккалык Абдулгани Мзудини актады. Сот мындай чечимди беш айга созулган соттук иликтөөдөн кийин кабыл алды. Абдулгани Мзуди башка шектелип жаткан 3000дей адам сыяктуу эле АКШдагы террактка катышы бар деп айыпталып келген. Бирок, сотто 31 жаштагы Абдулгани Мзудинин кылмышка тиешеси бардыгы далилденген жок. Мындан бир жыл мурда башка бир мароккалык Моуир эль-Мотассаейк 11-сентябрдагы террорго катышкан деп 15 жылга соттолгон болчу.

XS
SM
MD
LG