Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн башчысынын орун басары Давид Акопяндын айтымында, аталган уюм өзүнүн программасын өлкөдө түзүлгөн кырдаалды, анын кабыл алган стратегиялык документтерин жана башка донорлордун жардам көрсөтүү тууралуу программаларын эске алуу менен иштеп чыккан. Уюм алдыдагы 6 жыл ичинде жакырчылыкты кыскартуу, мамлекеттик башкаруу системасын реформалоо, адамдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана регионалдык кызматташууну өркүндөтүү өңдүү 4 багыт боюнча иш алып барат. Буга ал 15 млн. доллар акча бөлөт. Андан тышкары ал Бириккен улуттар уюмунун Кыргызстанда өкүлчүлүгү жок уюмдарынын жана башка булактардан да кошумча акча тартып, өзүнүн жардамынын көлөмүн 3 эсеге көбөйтөт:
- Биздин уюм аркылуу берилчү жардамдын жалпы суммасы 80-100 млн доллар болуп жатат, – деди Давид Акопян.
Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасынын өкүлчүлүгү Кыргызстанда 1993-жылы ачылган болчу. Ал азыркыга чейин саясий жана административдик реформаларды жүргүзүүгө жана жакырчылык менен күрөшүүгө көмөктөшүп келген. Өкүлчүлүктүн кызматкерлери өзүнүн бул багытта жүргүзгөн иштери тууралуу канааттануу менен айтышат:
- Биздин программа аркылуу берилген жардамдын аркасында 100 миң адам, же Кыргызстандын калкынын 2% өзүнүн турмуш-тиричилигин жана экономикалык абалын бир топ жакшыртууга жетишти, - деди Давид Акопян жаңы программа тууралуу баяндама жасап жатып.
Программаны талкуулоо менен уюмдун өкүлдөрү программа Кыргызстандын приоритеттүү деп эсептеген иш-чараларына туура келеби, же жокпу, ошону билгилери келишет. Алар кыргызстандыктардын пикирин эске алып, программаны дагы толуктап чыгууну көздөшөт. Талкууда кыргызстандыктар программа негизинен өлкөнүн көздөгөн максатына жооп бере тургандыгын айтышты.
- Бирикен улуттар уюмунун системасына кирген уюмдар 2005-2010 жылдарга эсептелген өлкөгө тиешелүү программалык документти даярдоо боюнча чоң иш жүргүзүшкөн. Ал саясаттын уланышы жана жогорку деңгээлдеги критерийлерге жооп берет – деди өкмөт башчы Николай Танаев.
Талкууга катышкан Бишкектеги «МНТИ- консалтиң» компаниясынын жетекчиси Төлөндү Тойчубаев аталган өкүлчүлүктүн Кыргызстанда жүргүзгөн иши тууралуу мындай деген оюн билдирди:
- Кыргызстандын көп эле жерин кыдырып, Бириккен улуттар уюмунун өнүгүү программасы жүргүзгөн иштерди көрүп жүрөм. Бөтөнчө социалдык мобилизацияга байланыштуу долбоорун жакшы деп айтаар элем. Долбоордо иштеген жаш балдар бар. Ошолордун иши кыргыз элине керек иш деп ойлом. Алар жөн эле акча бербестен, жакырчылыктан кантип чыгыш керек экенин үйрөтүшөт экен. Жалпысынан, программанын иши натыйжалуу деп эсептесе болот.