Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:58

Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан суу-энергетика маселесин талкуулайт


Бишкек.11-февралда Бишкекте Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан вице премьер-министрлери жолугушуп, региондогу суу-энергетика маселелерин талкуулашы белгиленүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин КМШ башкармалыгынын башчысы Эркин Мамкулов билдирди. Анын айтымында, вице премьер-министрлер деңгээлиндеги жолугушууда 4-январда Казакстандын Чымкент шаарындагы жолугушууда кол коюлган протоколдун аткарылышы жөнүндө да сөз болот. Чымкенттеги жолугушууда Казакстандын Шардара суу сактагычын сактап калуу үчүн үч мамлекет тарабынан көрүлө турган кадамдар такталган. Ага ылайык, Кыргызстан Токтогул суу сактагычынан чыккан суунун көлөмүн азайтууга, ал эми Казакстан Кыргызстанга 15 миң тонна мазут жана 85 миң тонна көмүр берүүгө макулдашкан. Кыргыз бийлик өкүлдөрүнүн маалыматы боюнча, Казакстан өз милдеттерин кечигип болсо да аткара баштады. Кыргызстандын «Электр станциялар» акционердик коомунун адиси Алексей Зряновдун айтымында, Сырдарыя жээгиндеги суу сактагычтарга жазгы суунун кириши жана жаан-чачындын көбөйүшү менен коркунуч күчөйт.

XS
SM
MD
LG