Хамасчылар израилдиктерди оңтою келген бардык жерде өлтүрөт, Газа тилкесинде жөөт аскерлеринин колунан өмүрү кыйылган он беш палестин тургуну үчүн алар ушинтип өч алат, деп билдирди аталган топту жетектегендердин бири Махмуд Захар. Анын соңунан “Ислам жихады” уюму да кек алуу акциясын баштагандыгын жарыялады.
Шаршемби күнү кечинде Газа тилкесиндеги жөөт мааласына бир нече ракета атылды. Хамасчылардын айтымында, бул кек куумай операциясы башталганын билдирген белги болду. Махмуд Захар ырастагандай, ”Хамас” тобунун Газа тилкесиндеги жана Иордан дарыясынын батыш жээгиндеги бардык активисттери атайын көрсөтмөлөрдү алышты.
Израилдин полициясы буга байланыштуу Иерусалимге кире бериш жерлерде тоскун-тосот пункттарын кое баштады. Коопсуздук күчтөрүнө баарыдан мурда коомдук транспортто кыраакы болгонго буйрук берилди, анткени жанкечти-террорчулар биринчи кезекте жүргүнчүлөрдү ташыган автобустарды бутага алышат.
Такталган маалыматтарга караганда, шаршемби күнү Шажай мааласындагы кагылышта палестин тарабынан он эки киши окко учту. Алардан дагы үч киши Египетке чукул жердеги Рафах лагеринде набыт болду. Израил армиясынын өкүлдөрү өлгөндөрдүн баары жөөт аскерлерине куралдуу каршылык көрсөткөнүн ырасташты.
Палестин автономиясынын тышкы иштер министри Набил Шаат экстремисттик топтордун билдирүүлөрүн комментариялап, жарашууга жол ача турган саясий макулдашуусуз зобун-зомбулуктун толкунун токтотуу кыйын болорун моюнга алды. Бул жерде макулдашуудан башка жол жок, деп белгиледи ал. Шааттын сөздөрүнө ылайык, эгер Израил жана бардык куралдуу палестин топтору жарашуу шартын сактаса, буга “Хамас” да даяр болмок, муну ал бир нече ирет далилдеген эле.
Автономиянын лидери Ясир Арафат Израил аскерий зомбулугун Газа менен Рафахта эле эмес, бүткүл палестин аймагында улантып, баарын кыйратып-уратып жатканын айтып, муну ал жалпы араб дүйнөсүнө каршы багытталган акция деп атады.
Ватиканда палестин премьери Ахмед Куреини кабыл алып, Рим папасы Иоанн Павел II да Израилди палестиналыктарды басмырлап-басынтканы жана коопсуздук коргонун куруп жатканы үчүн айыптады.
Айтмакчы, шейшемби күнү Израилдеги телеканалдардын бири жөөт өкмөтү тургузуп жаткан бул дубалдын курулушун күлбото же цемент менен Куреинин үй-бүлө менчигине караган завод камсыз кылып жатканы жөнүндө репортаж көрсөткөн эле. Кечээ Римде Ахмед Куреи жөөттөрдүн коргонуна жана анын курулушуна эч кандай катышы жоктугун айтып, актанды.