Линктер

жума, 23-июнь, 2017 Бишкек убактысы 04:37

Иран парламенттик шайлоо өнөктүгү башталды


Иранда 20-февралда болчу парламенттик шайлоо алдындагы саясый өнөктүк башталды.
5600 чамалуу талапкердин көпчүлүгү исламчыл Көзөмөлчү кеңеш колдогон эскичил саясатчылар.
Кеңеш 2 300дөн ашуун реформачыл талапкерди, ошондой эле азыркы парламенттин ондогон мүчөлөрүн жана ырасмий адамдарды шайлоого катыштырбай койгон. Алардын көбү реформачыл президент Мохаммад Хатаминин бир тууган иниси Мохаммад Реза Хатами башындагы Иран ислам элдик майданынын мүчөлөрү же жактоочулары.

XS
SM
MD
LG