Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 23:41

«МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ ТУУРАЛУУ» МЫЙЗАМ ДОЛБООРУНА КАЙЧЫ ПИКИРЛЕР ЖАРАЛУУДА


Бакыт Аманбаев, Бишкек 13-февралда Мыйзам чыгаруу жыйынынын «Оң ордо» фракциясынын депутаттары маалымат жыйынын өткөрүштү. Алар «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам долбоору Баш мыйзамга каршы келээрин белгилешип, Конституциялык сотко кайрыла тургандыгын билдиришти.

Маалымат жыйынын «Оң ордо » депутаттык фракциясындагы Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаттары Зайнидин Курманов, Оксана Малеваная өткөрүштү. Зайнидин Курманов «Мамлекеттик» тил тууралуу мыйзам долбоору өлкөнүн Баш мыйзамынын 5-16-17-беренелерине каршы келээрин айтып, аталган мыйзамдын онунчу беренесин «атуулдардын укугун басынткан берене” деп мүнөздөдү:

- Мамлекет башчыга жакшы иштелбеген, чийки мыйзам долбоору жөнөтүлдү. Кабыл алынган мыйзам Башмыйзамдын бир топ беренелерине каршы келет. Биз адамдын укугун басынткан онунчу берене кабыл алынганга чейин бул мыйзам долбоорун кабыл алууну колдогонбуз. Качан онунчу берене соңку отурумда кабыл алынгандан кийин биз бул мыйзам долбоорун колдоодон таптакыр баш тарттык. Анткени бул берене, жогоруда айтып кеткендей, адам укугун одоно бузат.

Мамлекеттик тил мыйзамынынын 10 беренесинде «Мамлекеттик кызматкер өзүнүн кызмат милдетин аткаруу үчүн зарыл деңгээлде мамлекеттик тил билүүгө милдеттүү» деп жазылган. Ал эми мамлекеттик тил билүүгө милдеттүү адамдардын тизмеси өкмөт тарабынан аныктала турган болду. Зайнидин Курмановдун пикиринде, жогорку бийлик өкүлдөрү аталган беренени өзүнө жакпаган атуулдарды бийликтен четтетүү үчүн курал катары колдонушу ыктымал:

- Онунчу беренеге ылайык, «тилди билбейсиң» деп көңүлгө жакпаган адамды кызматтан алса болот. Ошондуктан, бул мыйзам коррупционерлердин эң жакшы табылгасы болду. Мындан сырткары аталган мыйзам долбоорунда тилди өнүктүрүүнү каржылоонун механизми жок. Өзүңөргө маалым каржы болбосо, ар кандай мыйзам долбоору ишке ашпайт. Андыктан, ал мыйзам толугу менен иштебейт. Болгону онунчу берене сыяктуу керектүү беренелер гана чиновниктердин кызыкчылыгы үчүн кызмат кылат.

Ал эми Оксана Малеванаянын пикиринде, мамлекеттик тил тууралуу мыйзам долбоору орус тилдүүлөргө каршы эмес, саясий элитаны алмаштыруу максатында жасалды:

- Бул бир саясий элитаны башка саясий элитага алмаштыруу үчүн жасалган аракет. Чынында , бул мыйзам, Алымбай Султанов айткандай, «киргиздерге» каршы багытталды. Окуя балким башкача өңүттө да өнүгүшү ыктымал. «Аскар Акаев өз эне тилине каршы чыкты» деген айыптоодон коркуп, президент бул мыйзамга кол коюшу ыктымал. Андай болгондо , мурда мыйзамды колдогон топ, кайрадан «мамлекет башчы Башмыйзамды бузду» деп ага каршы «импичмент» маселесин көтөрүшү толук мүмкүн.

Ошондой эле «Оң ордо» фракциясынын өкүлдөрү эгерде, президент аталган мыйзамга кол койсо, Конституциялык сотко кайрыларын кошумчалашты.
Ал эми орус тилдүү депутаттарды кабатырланткан онунчу берене тууралуу Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибаримов «Мамлекеттик тил тууралуу» мыйзам долбоору кабыл алынгандан соң төмөндөгүдөй пикирин билдирген:

- Бул деген «тилди толук бил» дегенди түшүндүрбөйт. Бирөө менен пикир алмашыш үчүн бир нече сөздү төмөнкү деңгээлде гана билсе болот. Менин оюмча, «мамлекеттик кызматкерлер кыргыз тилде сүйлөшүү үчүн 200, 500 же 1000 ге жакын кыргызча сөз билсин» дегенден эч кандай мыйзам бузулбайт. Андыктан, бул үчүн депутаттарды же мыйзамдын демилгечилерин айыпташтын зарылчылыгы жок. Ошондуктан, мен силерден суранаарым жок жерден чуу чыгарбагыла.

Баш мыйзамдын 66-беренесине ылайык мамлекет башчы мыйзамга парламент кабыл алган күндөн бир айдан кечиктирбей кол койот же каршы пикири менен кошо Жогорку Кеңешке кайтарып берет.

XS
SM
MD
LG