Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:11

Кыргызстанда гендердик саясат колго алынды


БИШКЕК. Бүгүн БУУнун Бишкектеги үйүндө «Кыргызстанда саясатта гендердик тең укуктуулукту алга жылдыруу» аттуу долбоордун бет ачары болду. Долбоор БУУнун Өнүгүү программасы, Швециянын эл аралык өнүгүү агенттиги жана кыргыз өкмөтү тарабынан иштелип чыккан. Анын максаты эмдиги жылы боло турган парламенттик жана президенттик шайлоолорго аялдардын катышын камсыз кылуу жана аялдардын саясатка көп аралашуусуна өбөлгө түзүү максатын көздөйт. БУУнун Өнүгүү программасынын Кыргызстандагы өкүлү Ежи Скуратовичтин билдирүүсүнө караганда, быйылтан баштап 2005-жылдын июнь айына чейин лидерлик жана гендердик тең укуктуулук, саясий үгүт иштерин жүргүзүү техникасы, саясатчынын бейнесин түзүү жана саясатка байланышкан башка темалар боюнча аялдар арасында окуулар өткөрүлөт. Долбоорду ишке ашырууга 260 миң доллар жумшалат жана аны өнүгүү программасы менен Швециянын SIDA фондусу төлөйт.

XS
SM
MD
LG