Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июнь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:52

Чечен сеператисттеринин экс-президенти Катарда көмүлдү


Зелимхан Яндарбиев кечээ бомба чабуулунан көз жумду. Ал 1996-жылы Чеченстандын алгачкы сеператисттик президенти Жохар Дудаев өлтүрүлгөндөн кийин жумуриятты убактылуу башкарган.
Ал Перси булуңундагы Катар өлкөсүнө мындан эки жыл мурда баш калкалап барган. Орусия Яндарбиевди "2002-жылдын октябрында Маскөөдөгү театрда чечен козголоңчулары 800дөн ашык кишини барымтага алышына катышы бар" деп айыптаган.
Чечен сеператисттеринин "КавказЦентр" аттуу Интернет төрү Яндарбиевдин өлүмү үчүн Маскөөнү күнөөлөдү. Орусия Катардын баш калаасы - Дохадагы чабуулга эч тийешеси жоктугун айтууда.

XS
SM
MD
LG