Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:54

Бишкекте орус тилдүүлөрдүн укугун коргоого чакырган баракчалар пайда болду


БИШКЕК. Ишемби, жекшемби күндөрү Бишкектин кичи райондорундагы көп кабаттуу үйлөрдүн дубалдарына орус тилдүү атуулдарга кайрылуу жазылган баракчалар чапталды. Анда «Мамлекеттик тил жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынышы ырасмий тил болгон орус тилин алсыратаары белгиленип, бул окуяга нааразылыгын билдирген орус тилдүү атуулдарды 22-февралда Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы аянтта өтүүчү митингге катышууга чакырык ташталган. Андан тышкары митингдин күн тартибине орус тилдүү атуулдардын укугун коргоо боюнча кеңеш түзүү, демилгени колдоочулардын колун топтоо жана Ысыккөл, Чүй облустарынын аймагында орус тилдүү калктын көз карандысыз автономиялуу республикасын түзүү маселеси коюлары кабарланган. Улуттук коопсуздук кызматынын коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн башчысы Ойталбек Осмоновдун маалыматына караганда, баракчалар Бишкектин бир канча кичи райондорундагы үйлөргө да чапталды. Бирок, ал кимдер тарабынан уюштурулуп жатканы аныктала элек. Адам укуктары боюнча кыргыз комитетинин мүчөсү Александр Фоменко андай чакырыкты укпагандыгын, бирок, мындай иштер улуттар арасында араздашууну пайда кылып, өлкөдө саясий бейпилдикти бузууну максат кылган күчтөр тарабынан атайылап жасалышы мүмкүн экендигин билдирди.

XS
SM
MD
LG