Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

ООГАНСТАН: ШАЙЛООНУН МӨӨНӨТҮ ӨЗГӨРҮШҮ МҮМКҮН


Ооганстанга бүгүн Европа Биримдигинин жогорку даражалуу делегациясы келди. Кабулдагы сүйлөшүүлөрдүн негизги маселелеринин бири – Ооганстанда быйыл июнь айына белгиленген шайлоо. Соңку кездери шайлоонун мөөнөтү кийинкиге жылдырылышы ыктымал экени айтылып жатат.

Жалпы элдик шайлоо Ооганстанда 2001-жылдын соңунда талиптик режим бийликтен кулатылгандан кийин башталган саясий жараяндын жыйынтыгы болуп эсептелет. Быйыл жыл башында өлкөнүн жаңы Конституциясынын кабыл алынышын ооган бийликтери менен катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү да шайлоонун өтүшү үчүн түзүлгөн шарттардын бири катары баалашкан.

Ооганстандын добуш берүүгө укуктуу калкынын саны 10 миллиондой.

Шайлоочуларды эсепке алуу иши жүрүп жаткан акыркы эки айга жакын убакыттан бери алардын болгону 10%дан азыраагы, же 600 миңдейи гана каттоого алынган.

Өлкөнүн башкалаасы Кабулдан сырткары аймактарда коопсуздук жагдайынын начардыгы, ошондой эле шайлоочуларды каттоо жараянынын илең-салаң жүрүп жатышы добуш берүүнү өз учурунда өткөрүүнү кыйындаткан проблемалар катары айтылууда. Европа Биримдигинин коопсуздук саясаты боюнча комиссары Хавьер Солананын дүйшөмбү күнү билдиргенине караганда, шайлоонун мөөнөтү, балким, артка жылдырылышы мүмкүн:

- Конституция кабыл алынгандан кийин биз президент Хамид Карзай менен шайлоону өз учурунда өткөрүү мүмкүнчүлүктөрүн талкуулаганбыз. Бул жерде президенттик жана парламенттик да шайлоо болот. Алардын бирин кийинкиге калтыруу мүмкүнчүлүгү бар. Биз принцибинде бул эки шайлоо бирге өтүшүн жактайбыз. Балким, муну калган убакыттын ичинде аткаруу мүмкүн эмес. Бирок кандай болгон күндө да биз шайлоонун өтүшүнө мүмкүндүк берген коопсуздукка ээ болуш үчүн көп иштешибиз керек. Шайлоо канчалык эрте өтсө, ошончолук жакшы.

Шайлоонун өтүшү үчүн негизги шарт болгон коопсуздуктан тышкары көйгөйлөр деле аз эмес. Америкалык "Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, Ооганстанда азыр саясий партиялардын бири да расмий түрдө тааныла элек жана шайлоо мыйзамдары кабыл алына элек. Ооганстандын да, АКШнын да расмий өкүлдөрү али олуттуу проблемалар бар экенин моюнга алганы менен, шайлоону мурда белгиленгендей эле июнда же июлда өткөрүү мүмкүн деген үмүттө.

АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзаддын жана жергиликтүү расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, шайлоочуларды каттоо иши алдыдагы айларда тездетилмекчи. Ооган президентинин басма сөз катчысы Жавад Луддиндин айтымында, азыр шайлоочуларды каттоо иши өлкөнүн 8 шаарында 54 эле жерде жүргүзүлүп жатса, өкмөт май айында мындай жайлардын санын 4000ге чыгарууну пландоодо. Ал эми шайлоо учурунда жана алдында коопсуздукту камсыздоо үчүн НАТО баштаган аскерлерди же кыскача айтканда ISAFты Кабулдан сырткаркы аймактарга да жайгаштыруу керек. Бул маселе боюнча НАТОнун башкатчысы Яаап де Хооп Схеффер кечээ (дүйшөмбү күнү) буларды билдирди:

- Мен өткөн аптада президент Хамид Карзай менен жолуккам. Албетте, ал президенттик шайлоо мурда белгиленген учурда өтүшүн көздөөдө. Биз НАТО тараптан эл аралык коопсуздук күчтөрү шайлоо жараянына кандай колдоо көргөзө алаарын иликтеп жатабыз. Жоокерлердин саны чектелүү болгондуктан, ISAFтын шайлоо жараянына баардык жерде колдоо көргөзүүгө мүмкүнчүлүгү жок. Бирок биз НАТОнун кеңешинде эл аралык коопсуздук күчтөрү эмне кыла алаарын талкуулайбыз.

Учурда Кабулда жайгаштырылган 5 миң аскердин басымдуу бөлүгүн европалыктар түзөт жана алардын санын көбөйтүү каражат маселесине байланышкан. Ооганстандын негизги донорлорунан болгон Европа Биримдигинин өлкөлөрү азыр бюджет тартыштыгын баштан кечирип жаткандыктан, аскерлердин санын көбөйтүү жеңилге турбачудай. Азыркы курамдагы аскерлерди кармоо эле жылына Европа Биримдигинен болжол менен 2–3 миллиард еврону талап кылууда. "Вашингтон Пост" гезитинин жазганына караганда, АКШнын Ооганстандагы элчиси Залмай Халилзад, маселен, шайлоо учурунда коопсуздукту камсыз кылуунун бир жолу катары НАТОнун аскерлерин өлкөгө кыска мөөнөткө алып келүүнү сунуш кылып жатат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG