Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:09

Кыргызстандын футболчулары Тажикстанга утулду


БИШКЕК. 18-февралда Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын футбол боюнча курама командаларынын мелдеши болду. Анда Кыргызстандын командасы Тажикстанга 1-2 эсеби менен утулду. Мелдеш футбол боюнча 2006-жылы өтүүчү дүйнөлүк мелдешке татыктуу командаларды тандоо максаты менен өткөрүлдү. Оюндун алгачкы мүнѳттѳрүндѳ эле Тажикстан командасынын оюнчулары чабуулга ѳткөнү менен, биринчи таймда кыргызстандык жарым коргоочу Валерий Березовский эсепти ачты.Бирок Тажикстандын командасы чеберчилиги жана уюшкандыгы менен айырмаланды. Натыйжада 30 - мүнѳттѳ тажикстандык чабуулчу Пилмурад Бурханов коргонууну жарып ѳтүп эсепти теңдеди. Экинчи таймда да кыргызстандыктар жакшы оюн көргөзө албай коюшуп, 60 - мүнѳттө ошол эле Пилмурат Бурханов эсепти 2:1 кылууга жетишти. Эмки беттешүү Бишкекте 31-мартта Сирия ѳлкѳсүнүн командасы менен болот.

Кабарлар топтомун Бишкектен Азиза Турдуева, Аманбек Дилденбай жана дубандардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор - Бүбүкан Досалиева

XS
SM
MD
LG