Эгер мурда белгиленген мөөнөттө болсо, Ооганстанда алты айдан кийин жалпы элдик шайлоо өтүшү керек. Андыктан шайлоонун өтүшү үчүн ириде коопсуздукту камсыздоо маанилүү. АКШнын Коргоо министринин орун басары, Ооганстандагы америкалык аскерлердин командачысы да шаршембиде Кабулдан жасаган билдирүүлөрүндө Талибан менен "ал-Каиданын" Ооганстандагы күнү бүтүп баратканын белгилешти. Акыркы жарым жылдын ичинде эле козголоңчулардын кол салууларынан Ооганстанда 500дөн ашуун адамдын өмүрү кыйылды. Анткен менен АКШнын Коргоо министринин орун басары Дов Захейм мындай дейт:
- Азыр кол салуулардын түрү мурдагыдан кыйла өзгөрдү. Мындан бир жылча мурун талибдер көп сандагы адамдарга кол сала алабыз деп ойлочу. Азыр алар уурдап кетүү, велосипед бомбалары өңдүү коркоктукту көргөзгөн нерселерди жасоого аракеттенишүүдө. Бул такыр башка ыкма, себеби биз аларга сокку уруп жатабыз.
Ал эми Ооганстандагы америкалык аскерлердин командачысы, генерал-лейтенант Девид Барно Пакистан тарап Талибан менен "ал-Каиданын" калдыктарына каршы чек ара райондорунда жүргүзүп жаткан аракеттерди мактады.
Пакистандын Ооганстанга чектеш тоолуу аймактарында Исламабаддан автономдуу уруулар жашайт. Ушул аймактарда "ал-Каиданын" жолбашчысы Усама бин–Ладен өзү жашырынып жүрүшү мүмкүн деген божомолдор бар. Америкалык генерал Девид Барнонун айтымында, Пакистан аскерлери бир нече аптадан бери чек ара райондорундагы уруу башчылар менен жолугуп, алардан кызматташууну, бул аймактарды башпаанектеп жүргөн согушкерлер боюнча маалымат берүүнү талап кылууда, атүгүл кызматташтыктан баштартышса күч колдонууларын да эскертишти:
- Менимче, биз бул аймактарда чоң жылыштарды көрүп жатабыз. Пакистандыктар уруулар жашаган чөлкөмдөрдө былтыркыга чейин болгон эмес. Биз азыр алардын армиясы бул аймактарда такай аракеттенип жатканын көрүүдөбүз. Биз ошондой эле акыркы алты аптадан бери Түндүк –Батыш провинциясында ал жерде жашырынып жүрүшү мүмкүн делген чет элдик согушкерлердин изине түшүү үчүн бул ишке уруу башчыларды да тартуу боюнча бир топ жаңы аракеттерге күбө болдук.
Айтор америкалык расмий жана аскерий өкүлдөрдүн Ооганстан "ал-Каида" менен Талибандын калдыктарынын арылаарына аз калганы жөнүндөгү оптимизмин айрым эксперттер бөлүшпөйт.
Вашингтондогу Эл аралык жана стратегиялык изилдөөлөр институтунун эксперти, мурда Пентагондо жана Мамлекеттик департаментте иштеген Энтони Кордисман, маселен, америкалык аскерлер Ооганстандагы согушкерлерге каршы жүргүзгөн рейддерден кандай натыйжа болгону белгисиз деген ойдо. Себеби андан бери жок кылынган же туткундалган козголоңчулардын саны жарыяланбады. Энтони Кордисмандын айтымында, согушкерлер Ооганстанга Пакистандын аймагынан кирип жатканы анык. Өлкөдө коопсуздук жагдайы ойдогудай эместигинен улам Улутттар уюму менен Европа Биримдигинин айрым расмий өкүлдөрү, балким, июндагы шайлоонун мөнөтүн кийинкиге жылдыруу жакшы болот деген сунуштарды киргизип жатышат:
- Коопсуздук проблемасынан башка да Ооганстандагы кырдаалдын калган аспектилери, өзгөчө экономикалык жардам, экономиканы калыбына келтирүү программалары келечектен үмүт кылгандай кылып жакшы иштебей жатат. Андыктан Ооганстандагы жеңиш жөнүндө айтуу азыр эртелик кылат.
Энтони Кордисмандын көз карашында, Ооганстандын өзүнүн улуттук армиясын куруу иштери да мурда белгиленгенден жай жүрүүдө.