Висконсинде Жон Керри биринчи орунга чыкканы менен мурдагыдай кайсоорун жеңишке жете албады. Партиялаш атаандашы Жон Эдвардс андан аз жерден озуп кете жаздады. Бул штаттан Керри демократтардын – 39, Эдвардс – 35 процент добушун алышты. Калган кандидаттар аларга караандабай калышты. Байкоочулар Эдвардсты вице-президенттикти мөлчөр тутуп жатат деп айтышкан эле, Висконсиндеги ийгилигине демденген түндүк каролиналык сенатор эми талапкерлик тизмедеги орундар өзгөрөт деп ишенет. Висконсин штатынын калкы, Эдвардс белгилегендей, өз пикирин өктөм жана ачык-айрым билдирди, алар талкуу-таңаштар, жалпы кампания уланышын каалайт. Штаттын эли алардын таламын талашкан, алардын жумушчу орундары үчүн күрөшкөн адамды тандап алгысы келет.
Керри да ыраазылык сөзүн аянбады. Висконсин штаты ар качан алдыга умтулган ураан менен жашагандыгын белгилеп, ошонусун бул жолку шайлоо кампаниясында да кайра бышыктаганы үчүн жергиликтүү элге алкоо айтты.
Керринин ички партиялык шайлоодо ооматы арткан сайын анын былык-быкыйын издеген оппоненттери да арбый баштады. Атап айтканда, пайгамбар жашын этектеп калган сенаторду жакында эле Александра Польер аттуу жаш журналист кызды көңүлдөш кылып алыптыр, көптөн бери аялынын көзүнө чөп салып жүрүптүр деп каңшаар-кайбат таратышкан эле. Атүгүл айрым гезиттер журналист-бийкенин ата-энеси менен интервью уюштуруп жибергенге да үлгүрүштү. Александранын атасы, мисалы, кулагы уккан ушактарга курсагы кайнап, сенатор Керрини жетер жерине жеткидей кылып тилдеп таштаган эле. Акыры Александра өзү иштеген Assosiated Press агентигине Кениянын борбору Найробиден телефон чалып, сенатор Керри менен жакын түгүл дегеле мамиле күтпөгөнүн ырастады. Кызынын мүнөзүн жакшы билген ата-энеси мурдагы сөздөрүн кайра алышып, сенатор Керриден кечирим сурашты жана ага добуш беребиз деп ишендиришти.
Шайлоо кампаниясы маалында обурлуу оппоненттерди “аттан жыгып”, жыдытуу ишине маш болгондорду америкалыктар өздөрү “спин доктор” деп коюшат. Республикачыл партиянын ошондой “спин доктору” ойлоп тапкан бул жолку “жомок”, ошентип, жаралбай жатып жайран болду. Ыпылас айыптардан кылы кыйшайбаган сенатор Керринин саясий келкели жүрүп, аны байкоочулардын көбү, атүгүл партиялаш атаандаштары быйыл ноябрдагы президенттик шайлоодо демократтардын башкы үмүтүндөй көрө башташты. Акыркы кездеги коомдук пикирдин көрсөткүчтөрү да Керри америкалыктар арасында президент Бушка караганда алымдуу болуп баратканын ырастоодо.